Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 23:43
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Абайлаңыз! ӨКМ Бишкек-Ош жолуна кар көчкү түшүшү мүмкүн экенин эскертти

Абайлаңыз! ӨКМ Бишкек-Ош жолуна кар көчкү түшүшү мүмкүн экенин эскертти

Бишкек – Ош автоунаа жолунун 121-128 жана 132-255-чакырымдарында тынбай жаап жаткан жаанга байланыштуу кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.


“Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Жолго чыкканда айдоочулар жанына трос, чынжыр, дары-дармек, жылуу кийим, тамак-аш, чай ичкенге таза суу алуусу зарыл. Ошондой эле пландалган иш сапарларын кийинки күндөргө жылдырып туруусу зарыл экенин билдиребиз”, - деп айтылат маалыматта.


Ошондой эле жаан-чачынга байланыштуу Төө-Ашуу ашуусу, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы, Өтмөк ашуусу, Чапчыма ашуусу, Красная Горка - Ак-Таш унаа жолу, Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолу, Долон ашуусу, Ийри-Суу тилкеси, Кара-Гөө ашуусу жана Каракол - Эңилчек унаа жолунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.


Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн