Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 23:16
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Абдыганы Эркебаев Садыр Жапаровдун бир катар кемчиликтерин атап, ага өз кеңешин берди

15.01.2021 17:02
757
Абдыганы Эркебаев Садыр Жапаровдун бир катар кемчиликтерин атап, ага өз кеңешин берди


Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, профессор, академик Абдыганы Эркебаев “Азаттык” үналгысына курган маегинде Садыр Жаповдун бир катар кемчиликтерин айтып, ага өз кеңешин айтты.


Туруктуулук болуш керек. Сөзүңдү аткар, болбосо айтпа. Черчилль да ушул боюнча ангилчандар эң кыйын мезгилде турганда эл чакырып, бийликке келгенде “айланайын мекендештер, мен силерге жалган убада бере албаймын, мен силерден эң оор сыноолорду чогуу көтөрүүнү суранам” деп айткан. Садыр Жапаров да бир топ сөздөрүн аткарды, көпчүлүгүн аткара элек. Ал жагы да боло жатар. Бирок менин байкаганым, сөзүн тез-тез эле алмаштырып жатат. Туруктуулук жетишпейт. Бүгүн бирди айтып, эртең башканы айткан учурлар көп болду. Мен аны саясий тажрыйбасыздыгы деп эсептеймин. Ал ачык айтканда буга чейин мамлекеттик чоң кызматтарды аркалаган эмес. Жок дегенде министрликти башкарган эмес. Мамлекеттик кызмат өтө оор иш. Колдон келсе аз сүйлөп, көп иш кылыш керек. Мен ошентсе да Садыр Жапаровго ак жол каалаймын, куттуктаймын. Ылайым эле айткан сөздөрүн көзөмөлгө алып, аны аткарса. Анан дагы бир нерсе айтарда, экономикалык, карыз маселелер боюнча сүйлөгөндө аны эсептеп көрүш керек. Антип коёбуз, тигинтип коёбуз деген жел сөз да. Кызматка киришкенден кийин билермандарды тартып, алар менен кеңешип, чечим кабыл алганда ага маани берип турганы жакшы. Анткени жоопкерчиликти өзү тартат”, - деген ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн