Бугу 18, 2024
Убакыт: 11:13
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Абдыганы Эркебаев: Садыр Жапаровдун пикирин түпкүлүгүндө колдойм

10.12.2020 15:22
856
Абдыганы Эркебаев: Садыр Жапаровдун пикирин түпкүлүгүндө колдойм


Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, белгилүү окумуштуу, академик Абдыганы Эркебаев акыркы саясий окуялар тууралуу “Азаттык” үналгысына маек берип, Конституциялык кеңешменин иш аракеттерине купулу толбой жатканын билдирген. Ал Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесин колдой турганын, бирок азыркыдай жол менен кетүү туура эмес экенин айткан.


Биз 1993-жылкы Конституцияны үч жыл бою жазганбыз. Кеңешмедеги мүчөлөрдүн компетенттүүлүгү да белгисиз. Мамлекеттик түзүлүштү түшүнгөн, конституциялык иштерге, сотто иштеп жүргөн адамдар камтылышы керек эле. Андай болгон жок да. "Ураалаган" боюнча эле кирип кетишти.


Садыр Жапаровдун мурдагы оюнан кайтып, "адегенде элге кайрылып, кандай башкаруу формасы керектигин" билип алуу пикирин түпкүлүгүндө колдойм. Элдин мүдөөсүн билип алып, ошого жараша Конституция жазышы керек. Маселе туура, ой туура. Бирок бүгүн да "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев айткандай, жол-жоболор сакталган жок. Конституциялык мыйзам сакталган жок. Конституциялык палатанын корутундусу жок", - дейт ал.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн