Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 14:25
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Абдил Сегизбаев Чоткараевдин камалганына эмнеге чочулап жатат?

14.12.2020 14:21
819
Абдил Сегизбаев Чоткараевдин камалганына эмнеге чочулап жатат?

Президенттикке талапкер, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын мурдагы жетекчиси Дүйшөнбек Чоткараевдин камалышы боюнча билдирүү жасады.


Ал Чоткараевдин камалышын саясий чечим жана ага карата бут тосуу деп баалаган.


«Коррупцияга каршы кызмат тарабынан Дүйшөнбек Чоткараевдин камалышын мен саясий процесстерге кысым жасоого аракет кылуу катары түшүнүп турам. Мен Дүйшөнбек Чоткараевдин үстүнөн башталган ишти түзмө-түз шайлоо процессине байланыштуу деп эсептейм. Себеби Чоткараев биздин штабга өз ыктыяры менен келип, бизге жардам бергенге аракет кылган. Ошол аракет башталганда 3 жыл мурун тынч жаткан, эч ким тийишпеген ишти башташты. Биринчи жолу суракка алып кетишти. Экинчи жолу СИЗОго камашты. 

Менин оюмча, АКСти башкарып тургандар ушундай ишти уланта берсе, жакшылык менен бүтпөйт. Булар 2005-2010-жылы болгон ыкмаларды кайталап жатышат», - деди Сегизбаев.


Эске салсак, буга чейин дагы 27-ноябрда Абдил Сегизбаев чукул жыйын өткөрүп, анын тарапташы болгон Дүйшөнбек Чоткараевди күч түзүмдөрү кармап кеткенин билдирген. Бирок анда Чоткараев ким тарабынан кандай максатта кармалганы тууралуу так маалымат берилген эмес.


Ал эми кечээ, 13-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин коррупцияга каршы кызматынын мурдагы жетекчиси Дүйшөнбек Чоткараев кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилгенин маалымдалган.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Атамбай жезден жардам берет