Президенттикке талапкер, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев өзү иштеп турган кезде коррупциянын анабашы Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов болгонун айтты. Бул тууралуу Сегизбаев "Азаттык" үналгысына берген маегинде билдирди.
"Мен УКМКны жетектеп турган учурда Бажы жана Салык кызматында коррупция бар экенин аныктап, анын башында Икрам Илмиянов турат деп тааныганбыз. Ошол Илмияновго 303-304-коррупция беренеси менен кылмыш ишин козгогонбуз. Бул айып менен иш бүтүп калган. Тилекке каршы, мен кетерде беренени алмаштырып болбогон айыпты коюп бошотуп жиберген",- деди Сегизбаев.
Эске салсак, Абдил Сегизбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматын 2016-2017-жылдары башкарган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн