Президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев Кыргызстан кедей өлкө деген түшүнүктөн арылууга чакырды. Бул тууралуу ал "Азаттык" үналгысына берген маегинде билдирди.
"Кыргызстанда көптөгөн байлыктар бар . Тилекке каршы ошол байлыктар элге иштебей "илита" деген топтун колунда турат.Мына ошол байлыктарды колдонсок Кыргызстанды эки жылда бутка тургузса болот. Ошону аткаруу үчүн мен президенттик шайлоого аттандым", -деди Сегизбаев.
Эске салсак, мөөнөтүнөн мурдагы шайлоо 10-январга белгиленген.
Пикирлер (5)