УКМК мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев башка талапкерлердин айыбын ачканга даярданып жатабы? Бул тууралуу Сегизбаев "Азаттык" үналгысына маек берип жатып билдирди.
"15-декабрда шайлоо өнөктүгү башталган учурда мен элдин алдында, дебаттарда ошол сиздер артыкчылыктуу деп жаткан талапкерлердин айыбын айтам. Азыркы учурда БШКнын нормаларына ылайык унчукпай келем. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Садыр Жапаровду дебатка чакырам. Бетме-бет сүйлөшөлү. Түзмө-түз мага чыксын. Дебатта бардык чындыкты айтайлы. Ким ким экенин, кандай максатта кыргыз элин башкарам деп жатканын ошол жерден сүйлөшөйлү" ,- деди Абдил Сегизбаев журналисттин суроосуна жооп берип жатып.
Пикирлер (1)