Абакта отурган УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев журналист Назгүл Мамытовага кат жазды. Бул тууралуу Мамытова Фейсбук баракчасына каттын сүрөтүн жайгаштырды.
Катта Сегизбаев Мамытованын берип жаткан жардамдарына ыраазычылык билдирип, ага рахмат айткан. Сегизбаев бул күндөр өтөрүн белгилеген.
"Абдил байке кат жазып жибериптир. Кудайым буюрса баары жакшы болот! Эр жигиттин башына эмнелер гана келбейт. Бул күндөр да өтөт! Убакыт керек...",- деп билдирүү калтырган журналист айым.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн