Президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев журналисттер Шайырбек Абдрахман менен Ибраим Нуракун уулунун суроолоруна жооп берип жатып Өмүрбек Суваналиевди генерал катары тааныбай турганын билдирди.
“Катаниге жооп бербейин дедим эле, бирок жооп берүүгө аргасыз болуп жатам. Аны буга чейин генерал деп сыйлап жүрдүм эле. Эми ОПГга кызмат кылып калгандан кийин мен аны генерал катары тааныбаймын. Бул кишинин баасы ички иштер министри экен. Ошол кызматты убада кылып койсо кимди болбосун тепкилеп жатып калып жатат. Өмүрбек байке, сизди кидать этишет, кызмат бербейт, ишенбей эле койгула. Уят болуп каласыңар. Кечээ эле бир нече партияны сатып кеттиңер эле, эми өзүңөрдүн иниңерди сатып кетип жатасыңар. Бул итчилик”, - дейт ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн