УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев оорукандан УКМКнын СИЗОсуна которулду. Бул тууралуу анын жактоочусу АКИпресс агенттигине билдирген.
Анын айтымында, Сегизбаев коронавируска карата тапшырган тести терс натыйжа көрсөткөн.
"Ал азыркы учурда да өзүн жакшы сезбей жатат. Дарыгердин кеңеши боюнча ал дагы 5 күн дарыланууга муктаж. УКМКда аны обочолонтуу керек. Бирок СИЗОдо андай бөлмө жок",- деди жактоочу.
Эске салсак, Сегизбаев 24-май күнү ооруканага эки тараптуу пневмония менен жаткырылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн