Абдил Сегизбаев өзүнө карата козголгон кылмыш ишин ЖМКлардан билген. Бул тууралуу АКИпресске билдирген.
"Мага эч ким эч нерсе айткан жок. Мен бул тууралуу маалымат каражаттарынан билдим. Мамлекеттик кызматта жүрүп, жерди трансформациялоо маселеси менен эч качан алектенген эмесмин. Президенттик шайлоого катышкандан кийин мага кылмыш иши козголоорун жарым-жартылай билчүмүн" ,- деди Сегизбаев.
Пикирлер (2)