УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев саат 10:00дөн бери УКМКга сурак берүүдө. Бул тууралуу анын жакындары 24.кг агенттигине билдирген.
Жакындарынын айтымында, ага бүгүнкү датага суракка чакыруу келген. Ал саат 10:00дө УКМКга суракка кирип кеткен бойдон чыга элек.
"Абдил Сегизбаев сурактан 7 сааттан ашса да чыга элек. Аны күбө катары чакырышкан", - деди жакыны.
Пикирлер (2)