8-декабрда «Азаттык» радиосуна Улуттук Коопсуздук
Мамлекеттик Кызматынын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев маек берди. Бул маек
албетте президенттик шайлоонун алдында көптөгөн бүйүр кызыткан жагдайларды
жарата алды десек болот. Экс-УКМК төрагасынын айтымында анда дагы бир топ
катылган маалыматтары бар, анын баарын 15-декабрдан тарта шайлоо өнөктүгү
башталгандан кийин коомчулукка алып чыга баштайт. Демек, дагы бир топ бүйүр
кызыта турган жагдайлар алдыда. Ага чейин кечеги маегинде айтылгандарга анализ
жасап көрөлү.
Абдил Кенешевич өзүнүн президенттик шайлоого талапкер катары аттанып жатканынын негизги себептеринин бири катары «Кыргызстандын бийлигине ким келатканын, анын аркасында ким турганын, кандай максат менен келатканын, кимдин буйругун аткарып жатканын мен ачык эле көрүп турам. Ошондуктан ошолордун табиятын, байланыштарын, максаттарын элге көрсөтүш үчүн мен ушул шайлоого аттандым» деп түшүндүрдү. Кеп ким жөнүндө, кайсыл талапкер тууралуу болуп жатканы түшүнүктүү болуп турса керек. Анын ким экендигин да Абдил мырза маектин жүрүшүндө Садыр Жапаров деп ачык айтты. Анан дагы аны «Эркек болсо мени менен дебатка чыксын. Ошол жерден баарын айтам» деп билдирди. Анын айтымында Садыр Жапаров ортого кишилерди салып, «Кааалаган министрликти тандап ал, каалаган кызматты ал, сыртка чыгып кет» деген сыяктуу сунуштарды айтып жатышыптыр.
Шайлоолордун алдында ушул сыяктуу сөздөр көп эле айтылат. «Мага ар кандай сунуштар болуп жатат, бирок баш тартып жатам» деген сыяктуу. «Мени тигил партия чакырды, бул партия чакырды, бирок барбай койдум» деген саясатчыларды көп эле көрбөдүкпү? УКМКнын экс-төрагасынын да ошол саясатчылардын эле деңгээлинде «мага каалаган кызматыңды ал» деген сунуштар түшүп жатат дегени бир аз кополураак болуп калгандай. Эгерде чындап ошондой сунуш түшкөн болсо, анда ортомчулукту ким аркалап жатканын жана конкреттүү кайсыл кызматты сунушташканын да так айтып койсо ишенимдүү болмок. Анан дагы кыргыз бийлигине ким келатканын жана ал кимдин буйругун аткарып жатканын да улам-улам табышмактата бербей, тарс эле айта салса эмне болмок? Деги эле кыргыз саясатчылары атаандаштары тууралуу бир нерсе айтаарда, адегенде аны кагазга ороп айтып, анан атаандашы тарабынан кандайдыр бир жакшы сунуш күтүп отуруп алат. Эгерде эч кандай сунуш күткүсү келбесе, анда айта турган сөзүн ачык эле айтып койсо болобу? Буга чейин кыргызстандыктар мындай «кагазга оролуп» айтылган сөздөрдү көп уккан, алардын дээрлик 99%ы ошол оролгон калыбында эле калып кеткен. Андыктан Абдил мырзанын да айткандары ошондой болуп калбайбы деген суроо туулат.
«Мен төрт жыл Улуттук коопсуздук комитетинде иштеп жүрүп Кыргызстандын потенциалын көрдүм. Кыргызстан – бул бай өлкө. «Жакыр мамлекетпиз, бизде мүмкүнчүлүк жок» деп мээбизге куюп койгон. Мунун баары жалган. Кыргыздын кендери, табияты, кыргыздын экономикасында, башка жагында көптөгөн байлыктар бар. Бирок, тилекке каршы ошол байлыктар кыргыздын элине иштебей, чектелген, өзүн-өзү «илита» деп атаган адамдардын колунда турат. Эгерде ошонун баарын тең түзмө-түз мамлекеттин кызыкчылыгына, элдин кызыкчылыгына иштете турган болсок, Кудай буюрса Кыргызстанды эки жылда бутка тургузсак болот», - деди Абдил мырза. Туура, муну чекист гана эмес, карапайым адамдар деле көрүп-билип турат. Кыргызстандын байлыктары саналуу гана адамдардын чеңгелинде болуп келатканын билбеген деле адам жок. Болгону ошол «илитанын» ичинде кимдер бар экенин Абдил Сегизбаев ачыктап айтып, фактыларды алдыга жайып салса башка кеп болмок.
«Мага азыр жер-жерлерден көптөгөн чалуулар болуп жатат, ОПГ күч алды деген. Анан дагы ОПГ бир талапкердин кызыкчылыгына иштеп жатат деген. Ошол эле учурда көптөгөн коррупцияга аралашкан, Акаевдин жанында жүргөн, кийин Бакиевдин жанында жүргөн, кийин Атамбаевдин жанында жүргөн өзүн «илита» деп атаган аткаминерлер бир талапкердин жанында тиешелүү чемодандарын, тиешелүү каражаттарын топтоп алып кезекте туруп жатышат. «Бул шайлоону силерге алып берели, бул электоратты алып берели, бул жагынан жардам берели» дешип. Мен анын баарын көрүп жатам», - деди Абдил Кенешевич. Чындыгында эле президенттикке башкы талапкер болуп жаткан Садыр Нургожоевичтин тарапташтарынын арасында ашыкча радикалдык билдирүүлөр менен чыгып жатканы бар. Муну коомчулук көрүп турат. Андыктан Сегизбаевдин кыйытып айткандарынын жөнү бар. Ал эми Акаев, Бакиев жана Атамбаевдин жанында жүргөн «илиталардын» чемодандары менен бир талапкердин жанында кезек күтүп турганы тууралуу айтканы дагы деле жалпылаштырылган сөз болуп жаткан жокпу? Ким, кайсыл аткаминерлер канча чемоданы менен кезекте турат? Жалпылаштырылып айтылган сөздөрдөн эл тажады, азыр элге конкреттүү ФИО керек.
«Келген президент элдин кызыкчылыгын ойлой турган болсо, мындай парламент келбейт эле», - деди Сегизбаев 6-чакырылыштагы парламент тууралуу айтып жатып. Анын айтымында ошол 2015-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында аламанга аттанган саясий партиялардын тизмесинин алдыңкы сабында турган талапкерлер тууралуу маалыматтарды ал президент Атамбаевге көрсөткөн. Анан ал маалыматтарды (кагаз түрүндөгү) Икрам Илмиянов алып ошол талапкерлердин өздөрүнө көрсөтүп, «Мына силер тууралуу УКМК мындай маалымат берип жатат» деген экен. Мындай жол менен Илмиянов ал талапкерлерден дагы кошумча акча алгысы келген деген кыязда ойду айтты Сегизбаев. Демек, алтынчы чакырылыштагы парламентке мурда соттуулугу барлар, коррупцияга аралашкандар да келип алган болсо, алар тууралуу маалыматы бар туруп жол берген Атамбаев күнөөлүү болуп калабы? Абдил мырза да өзү «Келген президент элдин кызыкчылыгын ойлой турган болсо, мындай парламент келбейт эле» деп жатпайбы.
«Кайсыл президент келсе дагы ал «илита» менен соодалашып жатат. Элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы унутулат. Анан президент эл тарабынан куулат дагы, «илита» калып калат», - деп айтканы таасын айтылган кеп болду. Муну 2021-жылдын 10-январында жеңишке кайсыл талапкер жетсе дагы эсинен чыгарбашы керек.
«Мен 2016-2017-жылдары УКМКны жетектедим. Ошол жылдарда биз ГТСте (бажы кызматы) жана ГНСте (салык кызматы) коррупция бар экенин аныктаганбыз. Эң негизгиси ошол коррупциянын башында турган Икрам Илмиянов деп биз тааныганбыз. Ошол Икрам Илмияновго 2017-жылдын башында биз кылмыш ишин козгогонбуз. ГТС жана ГНСтеги коррупцияда Атамбаевдин учурунда Икрам Илмиянов турган. Ал саясий фигура болгон. Ал коррупциялык системанын анабашы болгон», - деди Сегизбаев. Анын айтымында Райым Матраимов ал убакта саясий фигура эмес болчу. Ал эми Икрам Илмиянов саясий фигура болуп, бардык коррупциялык иштердин анабашында турган. Демек, биз эмнени түшүндүк? Көрсө, бажы тармагында ашынган коррупция Атамбаевдин убагында эле болуп, аны президенттин өтө жакын адамы Икрам Илмиянов калкалап турган турбайбы. Анда эмнеге буга чейин Атамбаев бажы тармагындагы коррупциянын баарын эле Илмияновго эмес, Матраимовго жармаштырып келди? Илмиянов Атамбаевдин эң жакын адамдарынын бири болгону талашсыз. Демек, анын эмне иш менен алек болуп жатканы Алмаз Шаршеновичке белгисиз болуп калмак беле?
Маектеги кызыктуу жагдай «Белизгейт» окуясын эске салганда болду. Көрсө, ал документтер адегенде Атамбаевдин колуна тийген тура.
«Белизгейт боюнча ачык эле айтып берейин. Белиз документтерин Атамбаевге алып келип таштап кетишкен. Атамбаев өзү мени чакырып, үч күн убакыт берип «Мындай документ келди, негиз бар бекен же жок бекен, карап көрчү?» деп берген. Ал документтерди УКМКга алып келип, ошол жерден иш тобун түзүп карап чыкканбыз. Бизде ал кагазды экспертиза кылганга убакыт болгон эмес. Белиз менен байланышканга дагы убактыбыз болгон эмес. Биз бир гана нерсени кыла алдык, ошол Белиздеги жазылган талаптардын бардыгы иш жүзүндө аткарылдыбы же жокпу деген суроого жооп бердик», - деди Сегизбаев.
Эми Абдил мырзанын ошол Белизден келген документтер тууралуу УКМК төрагасы болуп турган кезинде Жогорку Кеңештин отурумунда сүйлөгөн сөзүн эстеп көрбөйлүбү. Анда ал «Бизге (УКМКга) ушундай документтер келди. Анан мен аны президентиме көрсөтөм да» дебеди беле? Демек, ошондо Абдил мырза, сиз калың элди алдап койгон белеңиз?
Анан дагы ошол Белизден келди делген документтерди А. Сегизбаев ал кездеги президент А. Атамбаевге берип жатканын далилдеген сүрөт президенттин сайтына чейин чыкканы белгилүү. Маалымат да ошондой нукта расмий берилген. Анан ошону «Бул Сооронбай Жээнбековдун убагындагы каралоо пиары» дегениңизди анчейин түшүнбөй калдык. Атамбаевдин убагында тартылган сүрөткө жана ошол убакта таратылган расмий маалыматка кийинки келген президенттин кандай тиешеси бар эле?
Абдил Кенешевич президенттик шайлоодо талапкерлигин алып салбай, аягына чейин бара турганын билдирди. Анан дагы 15-декабрдан тарта шайлоо өнөктүгү башталса дагы көптөгөн маалыматтарды айтаарын убада кылды. Болгону ошол айтыла тургандар жалпылаштырылган маалыматтар эмес, конкреттештирилген маалыматтар болсо жакшы болмок эле деген ой менен сөзүбүздү жыйынтыктайбыз.
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн