Бугу 11, 2024
Убакыт: 10:19
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Кыргыз-тажик чек арасында Алимбаев менен Ахмадзода коопсуздукту талкуулады

01.06.2021 18:06
1074
Кыргыз-тажик чек арасында  Алимбаев менен Ахмадзода коопсуздукту талкуулады

Кечээ, 31-майда Кыргыз-Тажик чек арасында Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражоббой Ахмадзода жолугушуп, чек ара аймактарындагы коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жаатында, жасалып жаткан иш-аракеттерди талкуулашты. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти.


"Жолугушууда жетекчилер 28-30-апрелде орун алган окуянын кесепеттерин жоюу, эл арасында кооптонууларды жок кылуу үчүн түшүндүрүү иштерин улантуу зарылдыгын белгилешти", - деп жазылат билдирүүдө.


Белгилей кетсек, буга чейин аткарылбай келген 2019-жылдын 18-сентябрындагы эки тараптуу протоколдун Кыргыз өлкөсүнүн Максат, Тажикстандын Овчу-Калача айылдарынын ортосунда милициянын биргелешкен жөө патрулун коюу боюнча пункту макулдашылып, натыйжада эки тараптан тең коомдук коопсуздукту көзөмөлдөө үчүн милициянын жөө патрулу коюлду.


Абдикарим Алимбаев менен Ражоббой Ахмадзода Кыргыз-Тажик чек арасындагы бир катар маселелерди жеринде чечүү үчүн чек ара аймактарын бирге карап чыгышты.


Белгилей кетсек, эки облус башчысы буга чейинки жолугушууда чек ара аймактарында жаралган көйгөйлөрдү кечиктирбей, ыкчам чечип туруу үчүн жума сайын жолугуп турууну макулдашкан.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн