Бугу 12, 2024
Убакыт: 17:22
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Абдил Сегизбаевге соттун чечими чыкты

02.04.2022 17:19
711
Абдил Сегизбаевге соттун чечими чыкты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаев үй камагына чыкты. Бул тууралуу  Биринчи Май райондук сотуна таянып жергиликтүү маалымат булактары билдирди.


Билдирүүгө ылайык, ал күнөөлүү деп табылып, 4 миллион сом айыпка жыгылган.

Абдил Сегизбаевдин баш коргоо чарасы соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин өлкөдөн чыкпоо тууралуу жазуу жүзүндөгү милдеттенмеге өзгөртүлгөн.


Белгилей кетсек, буга чейин Абдил Сегизбаевдин онкологиялык оорусу бар экени белгилүү болуп, ал медициналык текшерүүдөн өтүшү керек болчу.


Сегизбаев УКМКны 2016-2018-жылдары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда жетектеген. Ал "Белизгейт" окуясы боюнча Жазык кодексинин 320-беренесинин (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) негизинде быйыл январда кармалган.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн