Бугу 11, 2024
Убакыт: 16:33
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Абдил Сегизбаевге түрмөдө кысым болуп жатабы?

Абдил Сегизбаевге түрмөдө кысым болуп жатабы?


УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин жубайы Айнура Сегизбаева “Азия Ньюс” гезитине маек берип, “жолдошуңузга камактан кысымдар болгон жокпу?” деген суроого жооп берген. Ал эч кандай кысым болбогонун, кандай оор күн болсо да Сегизбаев өз принцибинен тайбай турганын айткан.


Албетте, жок. Мен муну 100% ишенимдүү айта алам. Ал эч качан эч ким менен сүйлөшүүлөргө же соодалашууга барбайт! Ага негиз жок. Эгер адам өзүнө ишенсе, жасаган иштеринин акыйкаттуулугуна ынанса, анын намысы соодалашууга жол бербейт. Абдил Сегизбаев мына ушундай адам. Ал өзүнүн принциптеринен тайбайт, түз жүрөт, ачык сүйлөйт. Анын кандай экенин достору, аны тааныгандардын баардыгы билишет, өзгөчө душмандарына да маалым. Мен сыймыктанам, Абдилдин уурулук же паракорлук боюнча эмес, токулган иш менен күнөөлөп жатканына...”, - дейт ал. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн