Бугу 21, 2024
Убакыт: 11:25
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Абдрахманов жана Киев көчөсүнүн кесилишиндеги тротуар кеңейтилди

15.05.2023 16:42
378
Абдрахманов жана Киев көчөсүнүн кесилишиндеги тротуар кеңейтилди

 Бишкектин Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдама комплекси жылдырылып, тротуарды кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө.


Муниципалитеттен билдиришкендей, шаар тургундарынын ынгайлуулугу жана унаа тыгындарын алдын алуу максатында эски аялдама комплекси демонтаждалды, жол бордюрлары орнотулуп, жолдун өтүүчү бөлүгү даярдалып асфальт төшөлдү.


Жакынкы арада кеңейтилген тротуарга демөөрчүлөрдүн эсебинен жаңы заманбап аялдама комплекси орнотулат.


Ошондой эле тротуарды кеңейтүү, бордюрларды орнотуу, пландоо жана асфальт төшөө иштери жүргүзүлдү.


Белгилей кетсек, жогоруда көрсөтүлгөн аймакта эс алуу жайы пайда болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн