Баш оона 22, 2025
Убакыт: 11:18
USD
87.10
87.60
EUR
100.90
101.90
RUB
1.080
1.110

Абдулла Арипов Жапаровду Министрлер кабинетинин төрагасы болуп дайындалышы менен куттуктады

14.10.2021 15:30
1310
Абдулла Арипов Жапаровду Министрлер кабинетинин төрагасы болуп дайындалышы менен куттуктады

Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов Акылбек Жапаровго Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы кызматына дайындалышына байланыштуу куттуктоо катын жөнөттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Өзбекстан Республикасынын премьер-министри белгилегендей, өлкө жетекчиси жана парламенти тарабынан Акылбек Жапаровго көрсөтүлгөн жогорку ишеним анын натыйжалуу эмгек ишмердүүлүгүнүн татыктуу баалангандыгынын далили болуп саналат.


«Биргелешкен күч-аракеттер аркылуу бизин өлкөлөрүбүздүн жана элибиздин бакубаттуулугу үчүн өзбек-кыргыз өз ара пайдалуу кызматташтыгын мындан ары кеңейтүүгө жана чыңдоого жетишебиз деп ишенем», – деди ал.


Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Акылбек Жапаровго чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубаттуулук жана жооптуу мамлекеттик кызматта ийгиликтерди каалады.


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн