Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 06:33
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Абдулла Каххар, өзбек жазуучусу: Уурулар...

11.01.2024 18:42
3499
Абдулла Каххар, өзбек жазуучусу: Уурулар...


(Аңгеме)


«Жылкынын тарпы иттер үчүн майрам алып келет» 

(Өзбек эл макалы)


Касиет кемпир таң сүрүлөрү менен ойгонду. Баарынан мурда өгүзгө чөп салуу керек экенин эстеп, кепичин коңултак кийе салып, тыпылдай баса агылга кирди. Кечинде ал өзү өгүздү тиги жоон устунга байлаган. Устун кадимки ордунда экен, бирок малкана коркунучтуудай ээн калып, дубалдын көчө тараптагы ныптасынан тешилген жер аңырайып ачык турду.


Дыйкандар адатта мындай пайтта «агылга ууру киргенче, үйүм күйсүн» деп кыйкырмак эле. Кембагалдын үйү – тургузулган он чакты узун чабак жыгач, анан бир араба камыш менен эки араба топурак эмеспи. Тамды курууга кеткен мээнет эске алынчу эмес. Анткени уста үйдүн ээси боло турган. Эгерде ошол эле кишиге мал алууга, айталы, жумушчу өгүз алууга, пул жыйноого туура келсе, ага тамак-аш бышырууга казан керектелбей, аны көпкө дейре арыкка ыргытып салса да болор эле.


Мурдакы кыштактардагы ачуу, айласыз кыйкырык чөлдөгү кыйкырыкка үндөш чыкчу. Көчөдөгү тынчтыкты бузган мындай окуялар күн алыс болуп турчу. Эри аялын сабап таштайбы, онтогон наристенин өмүр оту өчтүбү, же төлөбөгөн карызы үчүн тамын тартып алышабы, ый, ызы-чуу, каргыш айтуулар бирөөнүн кайгысына, күйүтүнө кайдыгер адамдардын кулагынын сыртынан кетчү.


Эл ичинде айтылгандай, ар дайым эле андай боло бербейт. Касиет апа ачууланып, сурданып, катуу кокуйлаганбы, айтор, анын кыйкырыгынан соң дароо бир топ адамдар топтоло калышты. Ызы-чуу Касиеттин күйөөсү каражолтой Кадырдын короосуна бат эле кирип келди. Иттер жаалдана үрүп жатышты, тооктор тынчсыздана какылдашты, аялдар ууруну тили жеткенче каргап-шилеп жиберишти. Ал эми бир эркек экинчиси менен «дубалдагы тешик өгүздү алып чыгууга тардык кылат» деп талашып-тартыша кетишти. Бирок, тешик чоң же кичинеби, Кадыр чоң ата өзүнүн жалгыз байлыгынан ажырап турганда, эки бекерчинин талашы анын көңүлүн жайгарган жок. Азыр турган малкана бопбош болгондуктан, мындай талаштын пайдасы жок эле. Жылаңаяк, жылаңбаш, бөздөн токулган көйнөгү менен дамбалын кийе чыккан карыянын бүткүл денеси калчылдап-титиреп, жашка толгон муңдуу көздөрү эч нерсени аңдабады. Бирок кантсе да ал мурду бучук Асандын келгенин баамдады. Бучук мурун жөнөкөй киши эмес, элүү башы, болгондо да карыя жашаган көчөнүн элүү башысы эле. Ал жыйылган элге жакындаганда, адамдар жарыла артка сүрүлүшүп, арадан жол беришти да, элүү башы кепкирдеги буурчактын данындай болуп баарына даана көрүндү. Элүү жуп кызыкдар көздөр кимди болбосун сүрдөнтүп ийиши мүмкүн, бирок элүү башы Асанды эмес. Башчыга таандык кекирейген жүз менен ал кылмыш болгон жерге аста басып келип, дароо дубалдын тешигине көз жүгүрттү. Анан устунга жакындап келип терең ойго бата тиктеп калды. «Сууда агып бараткан адам кенедей чөпкө да жармашат» дегендей, бучук мурундун бардык кыймыл-аракети өтө жайбаракат болгондуктан, карыяга үмүттүү сезилди, Кадыр аксакал аны жөнү бардай көрдү. Элүү башы устунду кыймылдатып көрдү да, карыяны чакырып, киңкилдеген үнү менен жай гана капталдан ишендире айтты:


- Көп күйүгө бербе, өгүзүң табылат!


- Аллах сага жар болсун! - Карыя бышактап жатып, жүрөк-боору эзилип кошумчалады, - өгүзүм ала болчу... ала. Кудай сактай көр!


Жыйналган эл акырындап суюла баштады. Адамдар эки-үчтөн топтолуп, короодон көчөгө чыгышты. Алар ууру түндүн кайсы мезгилинде киргенин, кандай аспап менен дубалды тешкенин, кайсы тарапты көздөй айдап, кайсы базарга барып сатарын кызуу талкуулап жатышты. Кадыр атанын авлисиндеги ызы-чуу аста басаңдап, иттердин үрүшү токтоду, тооктордун үнү басылды, кемпир бакырбастан элүү башыга алкышын жаадыра берди. Бучук мурун дагы бир ирет дубалдын тешигин карап, дагы бир жолу устундун бекемдигин текшерип, ыйламсыраган карыяга киңкилдей сүйлөдү:


- Ыйлабасаңчы, ыйлабасаңчы деп жатам сага! Эгерде сенин өгүзүң ак паашага баш ийген аймактан эле чыгып кетпесе, сөзсүз табылат, - элүү башы бул сөздөрдү, куду аркандын бир учу колунда, экинчиси өгүздүн мүйүзүнө байлангандай ишенимдүү түрдө баса белгиледи. 


Бучук мурундун артынан калбай ээрчиген чоң ата анын убадасына абдан ишенип, «Аллах өзү жар болсун!» деп ага камкордугу жана ак көңүлдүгү үчүн канча пул берүүнү ойлоду. Элүү башынын даражасына ылайык пара берүү керектигин карыя унутпады. Асан карыя чыгаша болмоюнча киреше түшпөсүн билер эле. Мындай тааныштык канчалык баалуу экенин ушундан билиңиз, миң башы гана Асандан мыкты айгыр менен жети жүз боо бедени белекке алды. 


Бекерге мышык да аптапка чыкпайт эмеспи. Муну жакшы билген аксакал пайитин таап элүү башынын жоон алаканына жука намыянындагы бар тыйынын салып койду. Алаканын дароо бекем кыскан бучук мурун сыртка чыкканга шашты. Коштошордо ал карыя кечинде аминге барып кезигүүсү зарылдыгын белгиледи. Элүү башы болгон окуя туурасында ага өзү төкпөй-чачпай билдирмек болду.


Чал-кемпир өзүлөрү калышты. Кеч киргенче дагы көп убакыт бар болгондуктан, алар өз ара аминге эмне алып баруу керектигин масилеттеше башташты. Бергенге тоголок дан да көп, алганга чөнтөк толо акча да аз. Муну жакшы түшүнүшкөн чал-кемпир «амин башкалардан айырмаланып, өгүздү мүйүзүнөн тез эле кармап алышы ыктымал. Ошондуктан тартуу берүүдө сараңдык кылган жарабас» деген бүтүмгө келишти. Ушундай ойго келген Кадыр ата кечинде аминдин кашына барды.


- Сенин уюң жоголду деп уктумбу мен? - күркүрөгөн үнү менен кекирип сурады ал. 


- Уй эмес, өгүз таксыр! - Каяша айтты чал, - ала өгүз болчу.


- Макул өгүз болсун. Ал кандай эле?


- Ала, түсү ала болчу деп жатпаймынбы!


- Мейли, а мурда кандай болчу?


- Мурда деле ала болчу.


- Сен туура эмес жооп берип жатасың, - амин үнү көтөрө сүйлөдү, -- мен ал уурдалганга чейин мүнөзү жакшы беле, жаман беле деп сурап жатам!


- Мен үчүн абдан жакшы болчу деп айта алам.


- Жакшы өгүз болсо көрүнгөндү ээрчип баса береби?


- Мүмкүн ээрчибестир. Бирок менин башка өгүзүм жок болчу деп айта алам.


Амин мурдун чыпалагы менен чукулап, кокусунан күлкүдөн улам жазы маңдайы дирилдеп, ээги семиз тамагындагы бырыштарды жаап калды.


- А мүмкүн ал өзү агылыңа келип калар, - амин күлкүсүн тыя сурады. - Эх сенин ала өгүзүңдү бирөө уурдачу болсо, кайра келгиниң деп эскертип койсоң болмок экен. 


Карыя унчукпады, анын алкымындагы деми кысылып, көз жашы аз жерден чыкпай турду. Амин чыпалагын таманына сүртүп, оор күрсүнүп койду.


- Койчу, ыйлоонун кереги жок! - Жекире айтты ал, - биз издөө салабыз да, жакын арада сен кубанычтуу кабар угасың! Бирок мен сүйүнчү үчүн сенден эмнени алам?


Куш кабар тууралуу сөз аксакалдын кулагына бирөө «ме, өгүзүңдү ала кой!» дегендей жаңырып жатты. Башчыларга казыналык маяна дайыма эле жетише бербейт эмеспи. Муну абдан жакшы билген чоң ата ыңгыранып отурбастан аминге мурдатан беленделген пулун узата салды. Амин дароо эле бул окуя туурасында приставга айтарын, ал ушул аптадан кечиктирбей арыздануучу же Кадырдын өзү менен жолугарын маалымдады. Чоң ата башын ийип таазим кыла «дайыма кызматыңызга даярмын!» деди да сүйрөлүп аста гана үйүн көздөй жөнөдү. 


Ал пристав аны сөзсүз чакырарына ишенип күтүп жатты. Касиет чоң эне төлгөчүгө үч жолу барууга жетишти. Бирок пристав өзүнүн чабарманын жөнөтүүгө ашыкпады. Кемпир барган төлгөчү абдан айлакер болчу. Ал дуба менен адам сырларынын кулпусун ачат деп айтышчу. Касиет апа ага эки түрмөк жип жана үч илеген жүгөрү алып барды. Төлгөчүнүн аракетинен жарытылуу майнап чыккан жок.


Кубанычтуу куш кабарды укпаган Кадыр ата жети күн өткөн соң аминдин алдына барды. Бирок, бул сапар аны амин кабагын карыш салып тосуп алды: 


- Сен эмне өгүзүңдү малканаңа жетелеп алып келип беришсе деп отурасыңбы?! - ал үтүрөйө кыйкырды. -- Жок, агайын, өзүң арыз жазып приставга барып көргүнүң! Акыры өз падышасына чын көңүлү менен берилген инсан башчыларды урматтай билиши лаазым да!


Буга дейре Кадыр ата аминден жогору даражадагы жетекчилер менен сүйлөшүп көргөн эмес. Эми гана приставга барууга туура келди. Карыя мындай улуу даражалуу адамга кандай белек алып барууну билчү эмес. Көптү көргөн акылгөй адамдардан масилет сурады. Акылман айылдаштары талашып-тартышып отуруп, аягында «улукмандын оозун майлап коюу туура болор» деген пикирге келишти. Кадырдын чарбагынан үч тоок табылды. Эки жүз жумуртканы достору менен туугандары чогултуп беришти. Мунун баарын жыйнап алып, чоң ата приставга жөнөдү. Улукмандын семиз кызматкери акчаны, тооктор менен жумурткаларды кабыл алып, карыяны айванчадан ары кийирген жок. «Качан кирериңди билдирем» деди.


Ошентип чоң ата улукмандын өзүнө жете албады. Чалдын бактысына жараша аны уезддин начальнигине жөнөтпөдү. Кол алдындагы кызматчыдан үч сом менен эки тоокту алган соң, ал эч бир ойлонбостон туруп, «арыздануучу аминге кайрылсын!» деп буюрду. Кызматчы үчүнчү тоок менен эки жүз жумуртканы өзүнө кымтып алган болчу. 


Амин андан да кыска сүйлөдү: 


- Элүү башыга баргының!


Бирок, элүү башы ага жакшылап түшүндүрдү: 


- Мен сага ыйык киши эмесмин, - деп кыжырдана жек көргөнүн билдирди. - Сенин өгүзүңдү ким уурдап кеткенин мен кайдан билейин? Эгерде сен бирөө-жарымдан шектенгениңди айтканыңда, мен бирдемени билмекмин. Азыр мен ууру сенин өгүзүңдү эбак эле союп, жеп, терисин булгаарычыларга сатып ийди го деп турам. Эгерде жалкоолук кылбасаң тери ийлеген өнөрканаларды кыдырып чык! Терилерди текшерсең болот. Бирок мунун пайдасы жоктур. Булгаары ийлөөчүлөр өтүкчүлөргө өткөрүп салып, сенин өгүзүңдүн териси базардагы бирөөнүн бутунда маасыга, кепичке айланып жүрсө керек...


- Оо, куураган башым! - Карыя башын ылдый сала онтоп жиберди. 


- Жаш баладай болбосоңчу! - Элүү башы таңдана түштү. - Чоң эле болуп туруп ыйлаганың уят эмеспи! Өгүзүң жоголсо эмне болуптур, куурагыр! - Бучук мурун оозун аарчый, колун карынын ийнине койду. - Эч нерсе эмес, бул иштер да өтүп кетет. Эртең сени өзүмдүн кайнатамдыкына алып барам. Ал ак көңүл киши. Аны менен сүйлөшүп көрөйүн. Жер айдаганга өзүнүн мыкты өгүздөрүнөн бирди карызга берип турар. Ушундай агайын! А Кудай Таала күнөөлөрүбүздү кечирсин! Өгүз деген адамдын жаны эмес го!


Эртеси элүү башы Кадырды өзүнүн кайнатасы, пахта сатуучу Эгембердиникине алып барды. Эгемберди карыяны жылуу-жумшак кабыл алды. Сөзүнүн аягында ал Кадырдын кайгысына күйгөнүнөн жана ак сакалын сыйлаганынан улам ага бир эмес дароо эки өгүздү өтө жеңилдетилген шартта ижарага берип турарын айтты. Бул шарттар канчалык экенин Кадыр ата күзүндө түшүм жыйнаганда билер.


Өзбекчеден которгон^ Адылжан Жажанов 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн