Президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев журналисттер Шайырбек Абдрахман менен Ибраим Нуракун уулунун суроолоруна жооп берип жатып Дача СУ боюнча документтерди ошол кездеги окуяны иликтеген комиссиянын жетекчиси Мухаммедкалый Абылгазиевге бергенин билдирди.
“Мен ошол учурда УКМКда болгон материалдардын баарын ошол кездеги мамлекеттик комиссиянын төрагасына өткөрүп бергем. Абылгазиевдин колунда бүт маалыматтар болгон. Алар “биз аягына чыгарабыз” деп материалдардын баарын алган. Дача СУда бирөөнүн катыштыгы болсо ошол кишини алып барып камагыла. Комиссиянын жетекчиси катары жыйынтыгын чыгарсын. 4 жылда эмнеге анын жыйынтыгын чыгарбады?”, - дейт ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн