Бугу 21, 2024
Убакыт: 00:33
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Абылгазиев өзгөчө абал киргизилген Сузакка барды (фото)

04.04.2020 16:11
908
Абылгазиев өзгөчө абал киргизилген Сузакка барды (фото)


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев иш сапарынын алкагында Жалал-Абад облусундагы санитардык-карантиндик посттордун ишин текшерди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. 


Маалыматка ылайык, Өкмөт башчы Сузак районундагы жана Жалал-Абад шаарындагы санитардык-карантиндик посттордун инфраструктурасы менен таанышып, ал жерде нөөмөттө турган аскер, милиция кызматкерлери, куткаруучулар, медиктер жана санитардык кызматкерлер менен маектешкен. Анда премьер-министрге абал туруктуу экенин, жарандар өзгөчө абалдын шарттарын түшүнүү менен кабыл алып, жатканын айтышты. 


Өкмөт башчы ал жерде биримдиктен коронавирус инфекциясына каршы күрөштүн натыйжалуулугу көз каранды экенин, блокпосттордо турган кызматкерлерди зарыл нерселер камсыздоо үчүн мамлекет каржылоо маселелерин чечип жатканын айткан.


Ошондой эле өзгөчө абал режимин укуктук аткарууну мындан ары карай камсыздоого тийиштүү бир катар тапшырмаларды берген. 


Ошондой эле Өкмөт башчы жазгы-талаа иштеринин жүрүшү менен таанышып, киргизилген режим аларды тийиштүү деңгээлде жүргүзүү үчүн эч бир таасир бербеши керектигин белгилеген. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн