Бийликти күч менен басып алууга шектелип жаткан Алмаз Сарыбаев ачкачылыкты 6 күндөн бери улантып жатат. Акыйкатчы институтунан маалымдашкандай, учурда анын абалы канааттандырарлык.
"Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбордун кызматкерлери менен болгон сүйлөшүүдө Алмаз Сарыбаев кылмыш ишинин мыйзамсыз козголушуна нааразы болуп, 15-сентябрдан бери ачкачылык жарыялагандыгын билдирди.
Бул тууралуу кармалган адам убактылуу кармоочу жайдын жетекчилигине 17-сентябрда маалымдаган. Бүгүнкү күндө Сарыбаевдин жалпы абалы канааттандырарлык. Анын ден соолугун көзөмөлдөө үчүн убактылуу кармоочу жайга эки ирет "Тез жардам" кызматы чакыртылган", - деп белгилешти улуттук борбордон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн