Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 14:39
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Адабият достугу - эл достугу!

29.09.2021 11:55
16100
Адабият достугу - эл достугу!


ТҮРКСОЙ эл аралык уюму, КРнын Стамбул шаарындагы Баш консулдугу, Евразия жазуучулар союзу, Стамбул шаарындагы Түрк элдеринин маданият борбору жана "Жолон Мамытов" атындагы коомдук фонду тарабынан 27-28-29-сентябрь күндөрү Түркия Республикасынын Стамбул шаарында чыгаан акыныбыз, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жолон Мамытовдун адабият күндөрү өтүүдө. Кечээ 28-сентябрь Стамбулдун Топкапе түрк дүйнөсү  маданий жайында  Жолон Мамытовдун 80 жылдыгынын алкагында адабий күнү белгиленди. Саамалыкта Кыргызстандан барган белгилүү жаш акындар улуу таланттын ырын окушту. 


Салтанатта ТҮРКСОЙДУН баш катчысы Дүсен Касеинов,  КРнын Стамбулдагы башкы консулу Лира Сыдыкова, Түрк Кеңешинин баш катчысынын орун басары Султан Раев, Түрк дүйнөсүндөгү Мэрлер биримдигинин башчысы Фахри Солак, Евразия Жазуучулар союзунун төрагасы Якуп Өмероглу, Маданият борборунун мүдүрү Мурат Аббас, профессорлор Рамазан Коркмаз жана Орхан Сөйлемез, КР эл акыны Меңди Мамазаирова, ТҮРКСОЙДУН Кыргызстан боюнча өкүлү, КРнын эл акыны Кожогелди Култегиндер акын тууралуу жылуу сөздөрү менен эскеришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн