"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого катыша турганын билдирди.
Анын айтымында, мындай чечим партиянын саясий кеңешмесинде кабыл алынган.
Буга чейин шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонун датасын аныктаганы маалымдалган.
Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өткөрүлмөкчү.
Пикирлер (4)