Бугу 08, 2024
Убакыт: 23:12
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Адахан Мадумаровдун билдирүүсү боюнча териштирүү иштери башталды

18.12.2020 11:55
831
Адахан Мадумаровдун билдирүүсү боюнча териштирүү иштери башталды


Ысык-Көл облустук ички иштер бөлүмү президенттигине талапкер Адахан Мадумаровдун билдирүүсү боюнча териштирүү иштерин баштады. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлады.


Мадумаровдун штабынан же болбосо тарапташтарынан үгүт иштерин Ысык-Көл облусунда кайсыл күндөрдүн аралыгында жүргүзөрүн жана үгүт иштерин жүргүзүү учурунда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча облустун райондук мамлекеттик администрацияларына, мэрияларына жана ички иштер бөлүмдөрүнө эч кандай билдирүүлөр же болбосо ыраттамалар келип түшкөн эмес. Жолугушууга баргандардын үйлөрүн өрттөп кетебиз деген коркутуулар болуп жатат деген маалымат боюнча да арыз менен кайрылышкан эмес. Бирок, Жазык-процессуалдык кодексинин 149-беренесинин 1-пунктун (Сотко чейинки өндүрүштүн башталышы) жетекчиликке алып, Адахан Мадумаровдун КТРКнын түз эфиринде айткан билдирүүсү Ысык-Көл ОИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталды”, - деп айтылат аталган билдирүүдө.


Буга чейин Мадумаров үгүт иштерин Ысык-Көл облусунан баштарын ойлогонун, бирок анын тарапташтарына коркутуу болуп жатканын айтып чыккан эле. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн