Бугу 10, 2024
Убакыт: 11:12
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Адахан Мадумаровдун тарапташы СИЗО-1ге камакка алынды

25.09.2023 19:56
456
Адахан Мадумаровдун тарапташы СИЗО-1ге камакка алынды


Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун тарапташтарынын бири Замирбек Шамшидин уулу 20-октябрга чейин Бишкектеги СИЗО-1ге камалды. Мындай чечимди борбор калаанын Биринчи Май райондук соту чыгарганын соттун басма сөз кызматы билдирди.


Ал өткөн ишембиде саясатчыга колдоо көрсөтүү үчүн Ички иштер министрлигинин башкы башкармалыгынын имаратына келгенде кармалганы белгилүү болду. Замирбек Шамшидин уулу массалык башаламандык уюштурууга аракет кылган жана укук коргоо кызматкерлерине баш ийбеген деп айыпталууда.


Эске сала кетсек, Адахан Мадумаровго КР Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекетке чыккынчылык” беренеси боюнча айып тагылган. 2-сентябрда ал кармалып, соттун чечими менен УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн