Чын курандын 10, 2025
Убакыт: 11:23:18
USD
87.40
87.80
EUR
95.40
96.40
RUB
1.010
1.050

Адам өлтүрүүгө айыпталган кылмышкерге качууга жардам берген милиция кызматкерлери кармалды

Адам өлтүрүүгө айыпталган кылмышкерге качууга жардам берген милиция кызматкерлери кармалды


Шектүүнүн убактылуу кармоочу жайдан качып кетүү фактысы боюнча Чүй облусунун Ысык-Ата районунун прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренесинин (шалаакылык) негизинде кылмыш иши козголду.


5-июнга караган түнү милициянын нөөмөтчүсү Ж.Т.К. жана райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайдын милиционери Д.К.Б. өзгөчө оор кылмыштар боюнча айыпталган (адам уурдоо, каракчылык, мыйзамсыз эркинен ажыратуу жана адам өлтүрүүгө аракет кылган) Кушубек Сабыровдун качып кетишине жардам берген.


Убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлери Ж.Т.К. жана Д.К.Б. кармалган.


Бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн