Бугу 15, 2024
Убакыт: 06:48
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Адамдарды Түркия жана Россияга мыйзамсыз жөнөтүп турган агенттик аныкталды

Адамдарды Түркия жана Россияга мыйзамсыз жөнөтүп турган агенттик аныкталды

Түркия жана Россияга мыйзамсыз кыргызстандыктарды жөнөтүп турган жеке агенттик аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.


Жумушка орноштуруучу жеке агенттиктердин биринин кызмат адамдары өлкөдөн тышкары Кыргызстандын жарандарын жумушка орноштуруу боюнча ишмердүүлүктү жүргүзүүгө уруксаты жок туруп, Түркия жана Россияга мыйзамсыз баруулары үчүн Кыргызстандын жарандарына кызмат көрсөтүп келишкен.

Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган агенттикке тинтүү жүргүзүлүп, натыйжасында жарандарды чет өлкөгө жөнөтүү боюнча мыйзамсыз ишмердүүлүк жөнүндө далилдер табылган.

Жеке агенттиктин ишмердүүлүгү жөнүндө жарандар интернет жана социалдык тармактар аркылуу билип, анда жакшы шарттар жана жогору айлык акыны убада беришкени аныкталган.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жоруктар жөнүндө кодексинин 122-беренеси (“Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу”) боюнча катталып, жеке агенттиктин жетекчиси Ж.Э.ге шектелип жаткандыгы жөнүндө кабарлама берилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн