Кулжа 03, 2025
Убакыт: 17:43
USD
87.30
87.80
EUR
99.40
100.40
RUB
1.103
1.135

Адатта гүлдөп жашоого тийишсиң, себеби...

26.05.2025 14:46
177
Адатта гүлдөп жашоого тийишсиң, себеби...


Сен жабык кийинесиң. Бул – ишеним, ибадат, татыктуу тандоо. Бирок мен дарыгер катары дагы бир чындыкты түшүндүргүм келет, сын катары эмес, кам көрүү менен. Акыркы убактарда мага көп кыз-келиндер кайрылып жатышат:


- тажаткан чарчоо;

- маанай түшүү;

- чач түшүү;

- баш ооруу;

- цикл бузулуусу. Алар “баарын туура кылып жатам го, эмнеге өзүмдү жаман сезип жатам?” деп сурашат. Жооп көп учурда жөнөкөй: организмдеги дефициттер. Ойлонуп көрчү, сенде да барбы? Эртең менен ойгонгондо көңүлсүз жүрөсүңбү? Жүрөгүң бат-баттан согобу же уйкуң начарбы? Чачың көп түшүп, териң кургак болуп калдыбы?


Көбүнчө кайсы витаминдер жетишпей калат?

1. Витамин D – күн тийбегендиктен.

2. Темир (ферритин) – аз кандуулук, алсыроо.

3. В12 витамини – баш ооруу, көңүл топтой албай калуу.

4. Фолий кислотасы – кош бойлуулукта өзгөчө маанилүү.

5. Магний – булчуң тартылышы, уйку бузулуу.

Изилдөөлөр эмне дейт?


- Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азияда жабык кийинген аялдардын 90%дан ашыгы витамин D жетишсиздигине туш болушат (IJHS, 2022).

- темир жетишсиздиги аялдардын чарчоосунун негизги себеби (WHO, 2021).

- В12 жетишсиздиги депрессия, эстутум көйгөйлөрү менен байланыштуу (Harvard Health).


Бул коркунучтуу эмес. Бул чечиле турган маселе. Анализ тапшырып көр (25(OH)D, ферритин, В12, магний). Деңгээлине жараша толукта. Ден соолугуңа кам көр. Бул – ибадаттын бир бөлүгү. Бул “хиджабды чеч” деген чакырык эмес. Бул “денеңе да ыраазы бол, кам көр” деген эскертүү. Сен ибадат кыласың, дем бересиң, бакыт тартуулайсың. Андыктан өзүңдү таштаба. Кам көр. Сен татыктуусуң. Адатта алсырап эмес, гүлдөп жашоого тийишсиң, себеби, денең – сага берилген аманат. Ага да ибадат кыл. Кааласаң, кайсы анализдерди тапшырыш керек экенин жазып берем. Жөн гана кат жаз.   


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн