Бугу 05, 2024
Убакыт: 20:12
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Адылбек Бийбосунов Аламүдүн районунун жашоочулары менен жолугушту

04.08.2022 16:49
468
Адылбек Бийбосунов Аламүдүн районунун жашоочулары менен жолугушту


2022-жылдын 4-август күнү ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Чүй облусунун Аламүдүн районунун 350 ашык жашоочулары менен жолугушту. Андан сырткары, Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев да элдин көйгөйүн жакындан угуп, маселелерди жеринен чечүүгө келишкен. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Жолугушууда Аламүдүн районунун жергиликтүү тургундары көптөн бери чечилбей келген укук коргоо, социалдык, айыл-чарба, билим берүү тармактарындагы маселелерин айтып, бийлик өкүлдөрүнөн өз көзөмөлдөрүнө алып, чечип берүүнү суранышты. 


Ошондой эле, жарандар милициянын, соттордун, прокуратуранын ишмердүүлүгүнө да токтолушуп, кылмыш иштеринин убактыларынын созулушу, кылмыш иштеринин калыс тергелбей калышы, соттук териштирүүлөр жөнүндө сын пикирлерин айтышты. Алсак, Ленин айылдык айыл өкмөтүндөгү жер маселеси боюнча жашоочулардан көп арыз түштү. 


Ички иштер органдарынын ишмердүүлүгү боюнча түшкөн кайрылуулар Адылбек Бийбосуновдун тапшырмасы менен ИИМдин тиешелүү кызматтарынын башчыларын тарабынан кабыл алынып, кайрадан териштирилип, кыска убакыттын ичинде мыйзам чегинде чаралар көрүлүп, өз дарегине жооптор берилери белгилүү болду.


Аламүдүн районунун жашоочулары мамлекеттик органдар менен калктын мамилесин бекемдеп, бийликке карапайым элдин үнүн жеткирүүгө өбөлгө түзүп, маселелерди жеринен чечүүгө шарт түзүп берип жаткан өлкө башчысы Садыр Жапаровго ыраазычылыгын билдиришти.


Жолугушуунун аягында Аламүдүн районунун аксакалы бийлик өкүлдөрүнө бүгүн айтылган ар бир арыз-даттанууларды адилет чечип берүүнү айтуу менен бирге элибизге тынчтык, бейпилдик каалап батасын берди. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн