Жалган курандын 14, 2025
Убакыт: 02:32
USD
87.30
87.80
EUR
94.90
95.90
RUB
0.995
1.035

Адылбек Касымалиев Ага Хан Трастынын маданият боюнча башкы директору менен жолугушту

29.01.2025 09:06
96
Адылбек Касымалиев Ага Хан Трастынын маданият боюнча башкы директору менен жолугушту


Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ага Хан Трастынын маданият боюнча башкы директору Луис Монреал баштаган Ага Хан өнүктүрүү тармагынын өкүлдөрү менен жолукту. 


Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Ага Хан фондунун ортосундагы 20 жылдан ашуун убакыттан бери жүргүзүлүп келе жаткан эки тараптуу кызматташуунун натыйжалуулугун белгилешип, мындан ары да билим берүүнү, саламаттыкты сактоону жана инфраструктураны өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине токтолушту.  


Жолугушууда өзгөчө маданий мурастарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча комплекстүү мамилелердин жүргүзүлүп жатканы айтылып, анын ичинде маданий баалуулуктарды сактоо, изилдөө жана жайылтуу программалары калыптанганы белгиленди. 


Ага байланыштуу, жолугушуунун күн тартибине Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Мукаш Абдраев атындагы Республикалык атайын музыкалык орто мектеп интернатынын имаратын жакшыртуу, тагыраагы Концерттик залын курууга багытталган долбоорду ишке ашыруу маселеси киргизилип, мындан аркы зарыл болгон иш-аракеттер талкууланды. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн