Жалган курандын 17, 2025
Убакыт: 04:29
USD
87.30
87.80
EUR
94.50
95.50
RUB
1.000
1.030

Адылбек Касымалиев Алматыда ЕӨАКтын тар курамдагы жыйынына катышты

31.01.2025 09:02
172
Адылбек Касымалиев Алматыда ЕӨАКтын тар курамдагы жыйынына катышты


Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстандын Алматы шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин тар курамдагы жыйынына катышты. 


ЕӨАК тар курамдагы жыйыны башталаардын алдында делегация башчыларын тосуп алуу жана биргелешип сүрөткө тартуу аземи болуп өттү. Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кеңири курамдагы жыйыны үстүбүздөгү жылдын 31-январында өтөт.


Белгилей кетсек, ЕӨАК жыйынынын күн тартибине 12 маселе киргизилген, анын ичинде ЕАЭБ алкагында бажылык жөнгө салуу, АӨК чөйрөсүндөгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну финансылык колдоо механизмин колдонуу, Биримдиктин интеграцияланган маалыматтык системасын өнүктүрүү, электрондук соода жана ЕАЭБде негизги товарларга товардык рыноктордун индикаторлорунун өздүк биржа системасын түзүү маселелери талкууланат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн