Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 21:31
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Адылбек Касымалиев: Кыргызстан араб фонддорунун инфраструктуралык долбоорлорду колдоо аракетин жогору баалайт

03.08.2022 11:19
825
Адылбек Касымалиев: Кыргызстан араб фонддорунун инфраструктуралык долбоорлорду колдоо аракетин жогору баалайт



Чолпон-Ата шаарында бүгүн, 3-августта, Араб координациялык тобунун катышуусунда “4-тегерек стол” өз ишин баштады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.


Топтун мүчөлөрү экономиканын түрдүү тармактарында бир катар долбоорлорду ишке ашыруу үчүн сунушталган кызматташуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгышат.


Адылбек Касымалиев Aраб координациялык тобунун Төртүнчү жыйынынын ишин ачып жатып, жолугушуу экономиканын ар кандай тармактарын өнүктүрүү максатында Араб координациялык тобунун өкүлдөрү менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы мамилелерди чыңдоого жана өнүктүрүүгө арналганын белгиледи. 


"Кыргыз Республикасы Араб координациялык тобунун фондунун өлкөдөгү ишин жогору баалайт жана мындан аркы жемиштүү кызматташууну күтөт. Биз алдыга коюлган бардык милдеттерди жана долбоорлорду сапаттуу жана тез аткаруу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз".


Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары билдиргендей,


Кыргызстан менен Араб координациялык тобунун кызматташтыгынын тарыхы 2009-жылы биринчи тегерек үстөлдү өткөрүү менен башталып, ошондон бери убакыт көрсөткөндөй Кыргызстан менен Араб координациялык тобунун мүчөлөрүнүн ортосунда жемиштүү өнөктөштүк түзүлдү. Ар кандай инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылган.


Анын айтымында, андан кийин 2014-жылы экинчи жана 2017-жылы үчүнчү тегерек столдор ийгиликтүү өттү.


Адылбек Касымалиев айткандай, бул жолугушуунун максаты бир катар маанилүү долбоорлорду араб фонддорунун өкүлдөрүнүн кароосуна алып чыгуу болуп саналат.


Тактап айтканда, саламаттыкты сактоо, билим берүү, ирригация, ипотекалык турак-жай куруу, транспорт жана байланыш сыяктуу тармактарга инвестиция тартуу милдети турат.


«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Төртүнчү тегерек столдун оң натыйжаларына ишенет жана араб өнөктөштөрүнүн колдоосуна үмүттөнөрүн билдирет.


Биз мындан ары да кызматташуунун мындай динамикасын колдоп, мындай иш-чараларды уюштуруу салтын улантарыбызга ишенем», - деп сөзүн жыйынтыктады Адылбек Касымалиев.


Маалымат үчүн: Араб координациялык тобу Ислам Өнүктүрүү Банкы, Сауд өнүктүрүү фонду, ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фонду, Кувейт экономикалык өнүктүрүү фонду жана Абу-Дабини өнүктүрүү фондун камтыйт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн