Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:07
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Пандемиядан кайсыл кесиптин ээлери эң көп жабыркайт?

06.04.2020 08:59
730
Пандемиядан кайсыл кесиптин ээлери эң көп жабыркайт?


Коронавирус илдетинен улам туризм, фитнес, мода, визаж жана коомдук тамактануучу жайлар кооптуу абалга туш болуп, жумушчуларынын санын кыскартуусу мүмкүн. Бул тууралуу Өнүүгү институту изилдөөсүн жарыялаган.


Маалыматка ылайык, кооптуу абалга көбүнчө туристтик агенттиктер жана экскурсоводдор туш болот. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү чек араларын жапканына байланыштуу алардын компаниялары буга чейин эле жумуштарын токтотушканын изилдөөчүлөр мисал келтирген.


Ошондой эле, кардарлардын азаюсу жана атаандаштардын көбөйүүсү фитнес-машыктыруучуларды да күтөрү айтылат. Ал эми, изолияция учурунда онлайн кызматтардын өрчүшү, банктардын менеджерлерине, фармацевтерге, риелторлорго, event-менеджерлерге, котормочуларга жана жекече сабак бергендерге да терс таасирин тийгизерин жазышкан.


Мындан сырткары, кооптуу абалга полиграфиянын кызматкерлери да дуушар болорун белгилеген, себеби орто жана чоң мекемелер акырындык менен электрондук аналогторго өтөрүн кабарлашкан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн