Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 01:44
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Административдик-аймактык реформанын алкагында айрым мыйзам актыларга өзгөртүү киргизилди

30.07.2024 11:44
309
Административдик-аймактык реформанын алкагында айрым мыйзам актыларга өзгөртүү киргизилди


Президент Садыр Жапаров “Административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Ушул мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 20-июнунда кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам пилоттук режимде административдик-аймактык реформанын натыйжалары боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына кирген маселелерди мыйзамдык жактан консолидациялоо максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жер мамилелерин жөнгө салуу, муниципалдык ишканаларды түзүү жаатындагы ичүүчү суу менен камсыздоо системасын комплекстүү тейлөө жана өнүктүрүү, жайыт жерлерин натыйжалуу башкаруу жана калктуу пункттарда тазалыкты камсыз кылуу компетенциясын тактайт.

Ошондой эле кабыл алынган мыйзамда Кыргыз Республикасынын айылдык аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде административдик-аймактык түзүлүштүн жалпы түзүмүн жана кайра уюштурууга алып келүүчү тиешелүү административдик-аймактык бирдиктердин чектеринин өзгөрүшүнө байланыштуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусун өзгөртүү жана ыйгарым укуктарын токтотуу маселелери такталды, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү беш жылга чейин узартылды.

Көрсөтүлгөн маселелерди ишке ашыруу максатында сунушталган мыйзам Кыргыз Республикасынын Граждандык, Жер, Турак жай жана Бюджеттик кодекстерине, “Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Жайыттар жөнүндө”, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө», “Борбордун статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү карайт.

Кабыл алынган мыйзам күчүнө кириши менен жергиликтүү кеңештер кайра уюштурууга алып келүүчү тиешелүү административдик-аймактык бирдиктердин чектеринин өзгөрүшүнө байланыштуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде административдик-аймактык түзүлүштүн жалпы түзүмүнүн өзгөрүшүнө байланыштуу таркатылууга тийиш деп белгиленген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн