Бугу 17, 2024
Убакыт: 12:04
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Афгандыктар бири-бири менен согушууда… Америкалыктар көздөгөнүнө жетти

06.07.2021 09:44
1242
Афгандыктар бири-бири менен согушууда… Америкалыктар көздөгөнүнө жетти


Бул ички иштерге кезектеги америкалык кийлигишүүнүн кезектеги ишке ашкан фактысы, америкалык тышкы саясаттын кезектеги курмандыктары.


Америкалык дипломатиянын чыныгы максатын түшүнүү үчүн, акыркы он жылдыкты анализдөө жетиштүү… (1) Бөл жана башкар, (2) хаос башкарган теориянын практикалык реализациясы, (3) согушуп жаткан эки тарапка тең курал-жарактарды жеткирүү, (4) Табигый ресурстарды арзыбаган баага тартып бүтүрүү. Акыркы 10 жылдыктагы окуялар буга мисал… Ирак, Ливия, Сомали, Ливан, Афганистан, Украина. Бул мамлекеттердин баары же өлкө ичинде согушуп жатат, же талкаланууда, аймактарын жоготууда, аягы көрүнбөгөн бийлик үчүн күрөш жүрүүдө жана баардыгы кайра-кайра «улуу» америкалыктардан жардам сурашат.


Нонсенс?! Жок! Бул катаал жана жакшы ойлонулган гегемондордун саясаты… Максаты? Болушунча узагыраак гегемон боюнча калуу! Буга Американы айыптоого болобу? Жок, болбойт… бирок ал тууралуу билүү керек. Себеби америкалыктар саясий технологиянын элементардык ыкмаларын пайдаланууда, бийликтеги коррупционерлерге, саткын саясатчыларга, калктын сабатсыздыгына, демократиялык өлкөдөгү жыргал жашоо тууралуу кооз айтылган сөздөргө (фантик) таянууда. Өнүгүп бараткан өлкөлөрдөн мыктыларды жана алдыңкы демилгелүү жарандарды тартып кетүүдө. Ошол мамлекеттердин башкаруучулары саткын болуп жатышканы үчүн ким күнөөлүү? Афганистандын дыйкандары өздөрү апийим өстүрүүгө умтулуп жатышканы үчүн ким күнөөлүү? Америкалыктар жөн гана ушундан пайдаланып жана өтө чоң территорияларды жана миллиарддаган калкты жарым-жартылай кулдук абалда атайылап кармап турушат. Америкалыктардан шек саноо өтө кыйын, Сэм байке алардыкы сыяктуу күчтүү өнүккөн мамлекеттер көп болушун кыялданып жаткан жок деп шектене албайсың…


Бүгүнкү Афганистан боюнча бир нече сөз… тезистик формада…


- Ал жакта дагы узак убакыт тынчтык болбойт.


- Афганистандын бүлүнүшү толук реалдуу…


Афганистандык тажиктер Тажикстандын чек арасына таянуу менен өздөрүнүн улуттук анклавын түзүшү мүмкүн. Ошондой эле аракетти афганистандык өзбектер жасай алат… мындай кырдаалда пуштундар да өздөрүнүн территориалдык автономдуулугуна аракет кылат.


Бул сценарий өтө жөнөкөй себептен улам болушу толук мүмкүн, карапайым адамдар аягы көрүнбөгөн согуштан чарчашты жана стабилдүүлүктүн кандай формасы болсо да ага аракет кылышат, өздөрүнүн территориалдык автономдуулугу жолу менен дагы. Борборго умтулма, бириктирген күч бүгүнкү күндө Афганистанда жок.


- Талибан Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанга кирип келет деген сөздөр – бул америкалык жана башка пропагандисттер тарабынан кое берилген келесоолор үчүн жомок… Бул «соус» менен алар ушул көз карандысыз мамлекеттердин территориясында жарытпаган аз акчага жана жергиликтүү бийликке жакындардын америкалык самолеттор үчүн бензин ташуусуна азгыруу менен өздөрүнүн базаларын жайгаштырууну каалашат. Биз кыргыздар авиакеросинди башыбызга жана айдоо талааларына куюу деген эмне экенин көргөнбүз жана билебиз.


Бул кырдаалда Россия эмне кылат?


Регионалдык гегемон катары ал өз позициясын бекемдейт… потенциалдуу террористтер катары Талибанды алыстан токтотот. Талибандарга тышкы басып кирүүлөргө мүмкүнчүлүктөрү болбойт, аларга ички күчтөр каршы турат. Ал афган өкмөтүн колдогон моджахеддер, а бул пакистандык Талибандарга каршы тура ала турган олуттуу күч. Конфликт быкшыган фазада узакка турат жана ал эмне менен аяктай турганы азырынча белгисиз.


Орто Азия республикаларында жана алтургай Россияда Талибандардын уктап жаткан ячейкалары бар деген ырастоолор – бул дагы чыныгы мусулмандардын душмандарынын пропагандалык ыкмасы. Себеби, Талибан – бул Афганистандын көз карандысыздыгы үчүн исламдын жаш жактоочуларынын кыймылы, биз азиялык мамлекеттердин мусулмандары Афганистандын көз карандысыздыгы үчүн курман бололу деген жокпуз, биз өзүбүздүн жеке көз карандысыз мамлекетибиз үчүн турабыз.


Иманкадыр Рысалиев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн