Бугу 07, 2024
Убакыт: 08:30
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Африкада Эбола вирусу баш көтөрүшү мүмкүн

11.06.2020 17:27
991
Африкада Эбола вирусу баш көтөрүшү мүмкүн


Бул туурасында Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Конго Демократиялык Республикасындагы өкүлү Нгой Нсенга билдиргендигин РИА “Новости” маалымдады. Анын айтымында, континентте масштабдуу эмдөөлөрдү жүргүзүү зарыл. Эмдөө гана көйгөйдү чече алат. Анткени, бул оору менен күрөшүү эбегейсиз чыгымдарды талап кылат.


Маалыматка караганда, Эбола безгегинин жаңы эпкини Конго Демократиялык Республикасынын түндүк-батышындагы Мбандака шаарында катталды. Эске салсак, Эбола вирустук инфекциясы бир нече жыл мурда Батыш Африкада пайда болуп, Гвинея, Сьерра-Леоне жана Либерия өлкөлөрүн кучагына камтыган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн