Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков, БШКнын мурдагы төрагасы Туйгунаалы Абдраимов жана Исмаил Исаков ИИМге сурак берип чыкты.
Аты аталган саясатчылардын баары Курсан Асановдун үнү делген аудио жана маданият кызматкерлеринин арызынын негизинде бийликти күч менен басып алуу тууралуу маалымат боюнча сурак берди.
Ахматбек Келдибеков видеону жасаган адамдар сөзсүз табылып, жазасын алыш керек деп эсептейт.
Исмаил Исаков болсо, саясатчылардын суракка чакырылышын шайлоо алдындагы коркутуу катары белгиледи.
Ал эми Туйгунаалы Абдраимов сурак тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн