Бугу 16, 2024
Убакыт: 03:35
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Ахматбек Келдибеков Садыр Жапаровго кайрылуу жасады

15.09.2021 09:58
1755
Ахматбек Келдибеков Садыр Жапаровго кайрылуу жасады

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков президент Садыр Жапаровго кайрылып, ал тууралуу жалган маалымат тараткан адамдарды жоопкерчиликке тартууну суранды. Бул тууралуу Келдибеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.


"Жогорудагы кайрылууну жазган адамдар сотто көрсөтмө берүүгө милдеттүү. Антпесе, бул кайрылуу жалган маалымат катары бааланышы керек. Ошондой эле далилсиз каралоолор менен жалпы элге жалган маалымат таркаткан адамдарды жоопко тартуу кажет. 


Кыргыз Республикасынын Президенти катары Садыр Жапаровдон 2021-жылдын 14-сентябрында соцтармактарга жана айрым массалык маалымат каражаттарына “И.Исаков, А.Келдибеков, Ж.Жолдошева жана башкалар 17-сентябрда 100 миң адамдарды чогултуп митинг жасап, бийликти алмаштырабыз деген лозунг менен массалык маалымат каражаттарына маек берип, алардын тарапташтары курал-жарак чогултуп жатат экен” деген акылга сыйбас, элдин тынчтыгына, мамлекеттин бүтүндүгүнө кол салган жалган маалымат ээлерин жана көшөгө артында турган кожоюндарын ачыкка чыгарып, мыйзам чегинде жазалоону суранам. Анткени, мен кайрылууга кол койгон айрым адамдар менен сүйлөштүм. Алар кол койгон тексте И.Исаковдун, Ж.Жолдошеванын, А.Келдибековдун аты-жөнү болгон эмес экендигин далилдеп беришти. Ошондуктан бул шайлоо алдында эл ишенимине ээ болбой калабыз деп корккон айрым бир саясий күчтөрдүн арамза ойлорунун жыйынтыгы деп билем. Ошондуктан мындай адамдар сөзсүз түрдө иликтенип жазаланышы керек деп ойлойм. 


Анткени, саясат –бул көшөгө артында, аялдардын көлөкөсүнө жашынып алып саясий оппонентерин каралоо эмес, элдин кызыкчылыгы, мамлекеттин келечеги үчүн кыл чайнашуу. Ошондуктан, эгерде кимдир бирөө бул нерсени жеке өзүнүн эрдиги катары мүнөздөп, эч ким билбейт деп ойлоп жатса чын-чынында ал өзүнүн саясий бечелдиги менен адамдык алсыздыгын гана көрсөтүүдө. 


Ал эми коомчулукта жасалма түрдө айгай салгандар, элди бөлүп-жарып, кырдаалдын туруктуулугун буза албайт деп ишенем. Ал эми жалган маалымат шуугулданган алсыз саясатчыларга мамлекет менен элдин кызыкчылыгы жеке дымак менен сезимден өйдө турушу керек деген кеңеш айтам",- деп билдирди Ахматбек Келдибеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн