Бугу 16, 2024
Убакыт: 06:06
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Ахматбек Келдибеков шайлоого байланыштуу УКМКга суракка чакырылды

02.12.2021 06:44
513
Ахматбек Келдибеков шайлоого байланыштуу УКМКга суракка чакырылды

Ахматбек Келдибеков видео баяндамалар боюнча түшүндүрмө берүү үчүн УКМКга чакырылды, - деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.


Мурда маалымдалгандай, УКМК тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында, Кыргыз Республикасынын шайлоолорун жана референдумдарын өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын туура эмес көрсөтүү фактысы боюнча текшерүү жүргүзүүдө.


Ошол эле учурда, буга чейин БШК КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын сайтка чыгарууда негизги серверге сырттан эч кандай кийлигишүүсүз, ар кандай фальсификацияны жокко чыгарган механикалык ката кетирилгендиги тууралуу түшүндүрмө берген.


Бирок, 2021-жылдын 1-декабрында социалдык тармактарда ЖК депутаттыгына талапкер А. Келдибековдун добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын бурмалоо боюнча негизсиз жана тастыкталбаган схемаларды көрсөтүп, коомду адаштырып, ошону менен коомдук саясий кырдаалды туруксуздаштырууга шарт түзгөн видео тараган.


Буга байланыштуу А.Келдибеков видеотасмада айтылган жүйөлөрү боюнча түшүндүрмө берүү үчүн КР УКМК суракка чакырылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн