Бугу 10, 2024
Убакыт: 00:02
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Аида Абдырахманова: Садыр Нургожоевич, сизди чөөлөр курчап алышты

10.02.2021 14:58
1078
Аида Абдырахманова: Садыр Нургожоевич, сизди чөөлөр курчап алышты

 

“Айтылбай турган сөз эле, айтылып  кетти өзү эле” дегендей болду бул жагы.


“Мекенчил” партиясы калп айттырбайт мени, өзүм деле калп айтып, пахта коюп көргөн жан эмесмин...    


Анда “Мекенчил” партиясында саналуу гана адамдар  бар эле. Садыр Нургожоевичти ким колдосо куугунтукка алынар эле. Партиялаштарынын үстүнөн  кылымыш иши козголуп, камалып кетчү. Ошолордун арасында биз да бар элек, адвокаттары. Телефондорубуз дайым прослушкада, артыбыздан оперлер  көзөмөлдөп турчу. Мени дагы канча жолу камаштын айласын көрүштү. Акыркы жолу митинге чыкканымда, эки ооз айткан сөзүмдү лингвистикалык экспертизага жөнөтүшүп, дагы камоонун айласын издешти.


Үйдөгүлөргө мен камалып калсам, паникага алдырбагыла деп калгам. Бирок, биз коркуп артка кылчайган жокпуз. Сиз үчүн акырына чейин турдук, колдоп. Анткени биз калыстык үчүн күрөшкөнбүз. Колдоо десе - бул туура эмес, кыймыл-аракетиңе көз жумуп, кол чабуу эмес.


Садыр Нургожоевич,  сизди  чөөлөр курчап алышты,  аны кантип сезбей жатасыз, өзүңүз кыраакы жан элениз. Кадр саясаттын ким жүргүзүп жатат?  Таза адамдар кетип алдамчы, коррупцияга аралашкан кадрлардын келиши сизге аброй алып келбейт. Бүгүн Акин Токталиев  жумушунан алынды. Бул адам таза кадр эле. Өз ишин билген, акыреттин ойлогон. Дин жаатын бул адам түшүнгөндөй көбү түшүнө алышпайт. Акин Усубалиевичтин жумушунан алынышынын себеби барбы?                                    


Сизден ачык жооп күтөбүз. Бул суроом сизди колдобой калдым дегенди билдирбейт, айланаңызга  көз чаптырыңыз дегенди  гана түшүндүрөт.


Аида Абдырахманова

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн