Чын курандын 21, 2025
Убакыт: 09:24
USD
86.70
87.20
EUR
99.40
100.40
RUB
1.050
1.095

Аида Исмаилова Кыргызстандын Кореядагы элчиси болуп дайындалды

16.02.2022 17:46
655
Аида Исмаилова Кыргызстандын Кореядагы элчиси болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Исмаилова Аида Жекшенбаевна Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат саясат бөлүмү билдирди.


Президенти Садыр Жапаров кол койгон башка Жарлыкка ылайык, Кемелова Динара Амантуровна Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Сеул шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Въетнам Социалисттик Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан бошотулду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн