Бугу 19, 2024
Убакыт: 14:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Аида Исмаилова, Мелис Турганбаев жана Канат Аманкулов кызматынан четтетилди

25.08.2020 10:04
1146
Аида Исмаилова, Мелис Турганбаев жана Канат Аманкулов кызматынан четтетилди


Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев, вице-премьер-министр Аида Исмаилова жана Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкуловдун кызматтык ыйгарым укуктары токтотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, премьер-министр Кубатбек Боронов кол койгон буйрукка ылайык, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 21-беренесине ылайык, вице-премьер-министр Аида Исмаилованын жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Мелис Турганбаевдин, ошондой эле, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкуловдун кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу берген арызынын негизинде токтотулду.


Кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин токтотулду.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн