Бугу 19, 2024
Убакыт: 06:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Аида Касымалиева БУУ тарабынан уюштурулган глобалдык парламенттер аралык кызматташтык форумуна катышууда

24.06.2021 11:10
730
Аида Касымалиева БУУ тарабынан уюштурулган  глобалдык парламенттер аралык кызматташтык форумуна катышууда


23-24-июнь күндөрү Өзбекстан Республикасынын Бухара шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 75-сессиясында Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүдөгү парламенттердин ролун жогорулатуу тууралуу мамлекет башчыларынын демилгесинин алкагында уюштурулган глобалдык парламенттер аралык кызматташтык форуму өтүүдө.


Форумдун алгачкы күнү Туруктуу өнүгүү максаттарын натыйжалуу ишке ашырууну камсыздоо багытындагы маселелер каралып, тажрыйбалар менен бөлүшүлдү. Тагыраагы, улуттук өнүгүү стратегияларынын алкагындагы Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүдөгү негизги маселелер, анын ичинен иш-чараларды каржылоо жана статистикалык көрсөткүчтөрдү калыптандыруу жаатында сөз болду.  


Талкууга Польша, Түштүк Корея, Латвия, Түркия, Жапония, Улуу Британия, Кытай, Азербайжан, Монголия жана Кыргызстан катышты. 


Кыргызстандын атынан барган Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары, Төраганын алдындагы Аялдардын укугу жана гендердик зомбулуктун алдын алуу боюнча кеңештин төрайымы Аида Касымалиева катышты. Ал өз сөзүндө Кыргызстан 2030-жылга чейинки мөөнөттө туруктуу өнүгүүгө байланышкан БУУнун күн тартибинин ишке ашырылышын көздөй тургандыгын белгилеп: “Туруктуу өнүгүү максаттары мамлекеттик саясатка киргизилип, жарандын өзүнө багытталган негиздеги Улуттук өнүгүү стратегиябызда жана программабызда чагылдырылган”, – деди.


Андан тышкары, так статистикалык маалыматтар республикабыздагы жана анын аймактарындагы социалдык-экономикалык жана экологиялык тенденцияларга кеңири анализ жасоого өбөлгө түзүп, улуттук артыкчылыктарга жана Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүү үчүн негизделген стратегиялык чечимдерди кабыл алуу жана анын маанилүү багыттарын аныктоого көмөк көрсөтөрүн кошумчалады. Муну менен катар гендердик-бөлүштүрүлгөн статистика бардык тармактар боюнча аялдардын укуктарын өнүктүрүү менен гендердик зомбулуктун алдын-алуу үчун тиешелүү чечимдерди кабыл алууга, анализдөөгө жардам берерин белгиледи. 


Талкуу маалында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча статистикалык маалыматтарды иштеп чыгууга байланышкан Кыргызстандын алдыңкы тажрыйбалары менен бөлүштү. 


Форумдун экинчи күнү Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруудагы Парламенттик көзөмөл, мониторинг жана баа берүү маселелерине арналып, жарандык коомдун жана жалпы коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда туруктуу өнүгүү кызыкчылыгына байланышкан парламенттер аралык кызматташтык жана алака талкууланды. Иш-чара дүйнө өлкөлөрүнүн парламенттеринин глобалдык өз ара байланышы үчүн сунуштамаларды аныктоо менен жыйынтыкталаары күтүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн