Бугу 16, 2024
Убакыт: 09:27
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Аида Касымалиева БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту

16.02.2022 09:28
541
Аида Касымалиева БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту

15-февралда Кыргызстандын Бириккен улуттар уюмундагы атайын жана ыйгарым укуктуу өкүлү Аида Касымалиева БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерришке Ишеним Грамотасын тапшырды.


Касымалиева Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун атынан Гутерришке  жылуу каалоо-тилектерин айтып, ошондой эле өлкөнүн айлана-чөйрөнү, анын ичинде тоо экосистемасын коргоо боюнча көрүп жаткан чаралары тууралуу маалымат берди.


Антониу Гутерриш өз кезегинде Аида Касымалиеваны жылуу кабыл алып, Кыргыз Республикасы менен БУУнун ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү максатында мындан аркы ийгиликтүү иш-аракеттерди каалады.


Ал ошондой эле Президентке жана өлкө элине чын жүрөктөн салам айтып, Кыргызстанга бир нече жолу келгенин жана кыргыз элин, жаратылышын, тоолорунун кооз жерлерин жылуу сезимдер менен эскерерин өзгөчө белгиледи. БУУнун Башкы катчысы Кыргызстан тоо күн тартибин алдыга жылдырууда лидер экенин баса белгилеп, бул багытта мындан аркы ийгиликтерди каалап өттү.

 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн