Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 17:21
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Аида Касымалиева: Мындай шалаакылыгы үчүн башка өлкөдө министр кызматтан алынат

07.04.2021 22:43
633
Аида Касымалиева: Мындай шалаакылыгы үчүн башка өлкөдө министр кызматтан алынат

Жогорку Кеңештин депутаты, вице-спикер Аида Касымалиева Бишкекте уурдалган кыздын өлүмү боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.


Анын айтымында, мындай кайдыгер мамиле үчүн ички иштер министри кызматынан алынат.


"Катардагы өлкөдө ушундай шалаакылык үчүн Ички иштер министри кызматтан кетет! Ачык эле кайдыгерлик жана шалаакылык. Баардыгы видеодо байкалып турат, каалаган адам тез эле таап алмак. Бул үчүн милицияда бардык мүмкүнчүлүктөр бар! Бирок алар коррупциянын жана кайдыгерликтин айынан мындай кадамга барат.

Биз канкорлорду таап, баарын кылдат иликтөөнү гана эмес, укук коргоо органдарынын аракетсиздигин териштирүүнү талап кылабыз.


Ансыз деле милиция кызматкерлерине нааразычылыктар көп болуп жатат. Биз кандай мамлекетте жашайбыз?


Видеону көргөндө жүрөгүң ооруйт. Адамдардын кайдыгерлиги ... Кандай гана өкүнүчтүү!


Айзаданы сактап калууга мүмкүнчүлүк бар эле. Бизди кечир",- деп билдирүү калтырган.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Куба Тажибаев
Зомбулук кучогон зомби карангы коомдо жашап калганыбыз аз келгенсип, митингчилерди эле баса калып камаган менттерге каргыш тийсин