Бугу 17, 2024
Убакыт: 13:16
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Аида Касымалиева ЮНИСЕФтин Европа жана Борбордук Азия боюнча кеңсесинин аймактык директору менен жолугушту

14.06.2022 09:17
949
Аида Касымалиева ЮНИСЕФтин Европа жана Борбордук Азия боюнча кеңсесинин аймактык директору менен жолугушту

2022-жылдын 13-июнунда Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү Аида Касымалиева менен ЮНИСЕФтин Европа жана Борбордук Азия боюнча кеңсесинин аймактык директору Афшан Хан айымдын жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирет.


Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен БУУнун Балдар фондунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Аида Касымалиева ЮНИСЕФтин 2023–2027-жылдарга өлкө программасын Кыргызстандын мамлекеттик мекемелери менен биргеликте иштеп чыгуудагы аракеттери үчүн ыраазычылык билдирди.


Кыргызстандын Туруктуу өкүлү ошондой эле үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында өтүүчү ЮНИСЕФтин Экинчи сессиясына кыргыз тарап активдүү катышаарын, анда өлкөлөрдүн анын ичинде Кыргызстандын да программалык документтери карала турганын белгиледи. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн