Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:54
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ак-Суу айылындагы ипподромдо эркек кишинин сөөгү табылып, шектүү кармалды

Ак-Суу айылындагы ипподромдо эркек кишинин сөөгү табылып, шектүү кармалды


Москва районунда адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 4-октябрда Москва районунун Ак-Суу айылындагы ипподромдо болжол менен 45-50 жаштагы, европа түспөлүндөгү мыкаачылык менен өлтүрүлгөн эркек кишинин сөөгү табылган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин адам өлтүрүү беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү жарандын өздүгү такталып, 1986-жылы туулган К.К. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн