Аяк оона 23, 2024
Убакыт: 01:18
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Ак-Талаа районуна тез жардам автоунаасы берилди

30.07.2020 11:20
1071
Ак-Талаа районуна тез жардам автоунаасы берилди


Ак-Талаа районундагы аймактык ооруканасына облустук штабдын чечими менен Нарын облустук бириктирилген ооруканасынан бир тез жардам автоунаасы берилди. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. 


Маалыматка караганда, Ак-Талаада дарыгерлердин жана тез жардам автоунаасынын жетишсиздиги көйгөйлүү маселелерден болуп келген.


Облус жетекчиси Эмилбек Алымкуловдун тапшырмасы менен буга чейин аймактык ооруканага үч дарыгер жиберилген. Андан сырткары райондогу эпидемиологиялык абалды координациялоо үчүн облустук оорукананын дарыгери Талант Калдыбаев жиберилип, ал иш алып барууда.


Мындан сырткары, Россиядан келген дарыгерлер райондогу эпидемиологиялык абалды көрүп, методикалык жардам берип кетишти. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн