Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Ж.Кулубаев, Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин төрагасы М.Султангазиев менен жолугушкадыгы тууралуу маалымат таратты.
Анда тараптар 2019-жылдын жогорку деңгээлдеги жолугушууда жетишкен макулдашуулардын ишке ашыруунун, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы жагдайы, оор жүк ташуучу унаалардын топтолуп калуусун талкуулашты, ошондой эле эки тараптуу жана Евразиялык экономикалык биримдигинин алкагында “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрүү жайындагы болгон кырдаалды чечүүнүн механизмдерин карагандыгы айтылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн